🔴 На Международном медицинском факультете установлены современные микроскопы

Эл аралык медициналык факультетте заманбап микроскоптор орнотулду
♦️ Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Эл аралык медициналык факультетинде акыркы үлгүдөгү заманбап микроскоптор орнотулду. Бул жаңы муундагы жабдуулар билим берүүнүн сапатын жаңы деңгээлге көтөрүп, студенттерге дүйнөлүк стандарттарга жооп берген шартта билим алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
♦️ Бул алдыңкы технологиялардын жогорку тактыктагы сүрөт берүү мүмкүнчүлүгү жана колдонууга ыңгайлуулугу студенттерге ткандардын түзүлүшүн терең изилдөөгө жана лабораториялык иштерди натыйжалуу жүргүзүүгө шарт түзөт. Эми болочок дарыгерлер окуу процессинин жүрүшүндө эле кесиптик чөйрөдө колдонулган жабдуулар менен иштөө тажрыйбасына ээ болушат.
♦️Университеттин негизги максаттарынын бири — студенттерге жөн гана билим берүү эмес, алардын медицина тармагында ишенимдүү кадам таштоосуна бекем пайдубал түзүү. Заманбап материалдык-техникалык база — сапаттуу медициналык билим берүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.
📸 Коммуникация жана медиа департаменти