
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков SIM MED SOLUTIONS компаниясынын башкы директору Елена Беззубова, Өнүгүү ЖЧК компаниясынын коммерциялык директору Денис Асеев жана аталган компаниялардын Кыргызстандагы аймактык өкүлү Сергей Юрченко менен расмий жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө медицина тармагында билим алып жаткан студенттерди заманбап технологиялар менен камсыз кылуу, алардын практикалык даярдыгын күчөтүү жана эл аралык стандарттарга жооп берген адистерди даярдоо маселелери кеңири талкууланды.
Эки тараптуу сүйлөшүү конструктивдүү маанайда өтүп, келечектеги кызматташтыктын негизги багыттары аныкталды.

Бул жолугушуу университеттин санариптик трансформация багытындагы ишмердүүлүгүнүн маанилүү кадамдарынын бири болуп саналат. Заман талабына жооп берген, атаандаштыкка жөндөмдүү медицина адистерин даярдоо — окуу жайдын артыкчылыктуу максаттарынын бири.

Коммуникация жана медиа департаменти