КӨЭАУда санариптик медицина боюнча инновациялык VR CLINIC тренинги өткөрүлдү Бүгүн Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде санариптик медицина багытындагы маанилүү практикалык тренинг болуп өттү.

♦️ SIM MED SOLUTIONS компаниясынын башкы директору Елена Беззубова, Өнүгүү ЖЧК компаниясынын коммерциялык директору Денис Асеев жана компаниянын Кыргызстандагы аймактык өкүлү Сергей Юрченко университеттин Эл аралык медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курамы үчүн санариптик медицинадагы инновациялар боюнча атайын тренинг өткөрүштү.
Тренингдин алкагында жасалма интеллект менен иштеген VR CLINIC платформасы тааныштырылды.
♦️ VR доктор симулятору — ар кандай адистиктеги дарыгерлерди окутуу үчүн иштелип чыккан алдыңкы технологиялык чечим болуп саналат. Ал төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт:
🔹 100дөн ашык медициналык сценарий;
🔹 Реалдуу клиникалык кырдаалдарга толук сүңгүп кирүү;
🔹 Анамнез чогултуу жана клиникалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү;
🔹 Практикалык көндүмдөрдү коопсуз чөйрөдө бекемдөө;
🔹 Билимди текшерүү жана окутуу процессинин статистикасын талдоо;
🔹 Эки колдонуучунун бир убакта виртуалдык чөйрөдө иштөөсү.
♦️ Мындай инновациялык технологиялар студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга, клиникалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана кыска убакытта жогорку деңгээлдеги кесиптик компетенцияларга жетишине өбөлгө түзөт.
📸 Коммуникация жана медиа департаменти