2025-жылдын 29-сентябрынан 12-октябрына чейин Түркиянын борбору Анкара шаарында саламаттыкты сактоо тармагындагы эл аралык тажрыйба алмашуу программасы белгилүү коомдун алкагында өткөрүлдү

2025-жылдын 29-сентябрынан 12-октябрына чейин Түркиянын борбору Анкара шаарында саламаттыкты сактоо тармагындагы эл аралык тажрыйба алмашуу программасы белгилүү коомдун алкагында өткөрүлдү. Бул программага Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эл аралык медициналык факультетинин окутуучусу Токтобаева Рахат Орозбековна катышып келди. Алар Түркиянын алдыңкы ооруканаларында — Demirtepe Life, 100. Yıl, Bilkent Şehir жана Мемориаль ооруканаларында клиникалык иш жана башкаруу процессин байкап чыгышты. Ошондой эле окутуучулар Yüksek İhtisas жана *Гази университеттеринде*болуп, окуу процесси, окутуу ыкмалары жана билим берүү структурасы менен таанышып келишти. Программа медициналык билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.