Для студентов открыт путь в Европу

Европага студенттер үчүн жол ачылды
Бишкекте өткөн Экинчи Кыргыз–Мажар ректорлор форумунда Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков Мажарстандын төрт алдыңкы университети менен кызматташуу келишимдерине кол койду.
Келишимдердин алкагында КӨЭАУ:
Паннония университети менен стратегиялык өнөктөштүк келишимине;
Мишкольц университети менен өз ара кызматташуу меморандумуна;
Семмельвейс университети (медициналык багытта) менен академиялык байланыштарды өнүктүрүү меморандумуна;
Сегед университети менен илим-билим тармагындагы кызматташуу меморандумуна кол койду.
Бул келишимдер эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарып, студенттик жана окутуучулардын алмашуусун, биргелешкен илимий долбоорлорду, академиялык мобилдүүлүктү жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Форумдун жыйынтыгында кабыл алынган чечимдер КӨЭАУ үчүн эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө жана студенттерди Европага чыгарууга ыңгайлуу шарттарды жаратмакчы.
Эскерте кетсек, бүгүн 19-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ассоциациясы жана Мажар ректорлор конференциясы биргеликте II Кыргыз–Мажар ректорлор форумун өткөрдү.
Форумда Кыргызстан менен Мажарстандын университеттеринин ортосундагы кызматташууну кеңейтүү, тажрыйба алмашуу, академиялык байланыштарды жана маданий кызматташтыкты чыңдоо маселелери каралды.
Коммуникация жана медиа департаменти