Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучулары 3D анатомия боюнча атайын курстан өтүштү
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Эл аралык медицина факультетинин жана Медицина колледжинин окутуучулары “Пирогов” деп аталган 3D интерактивдүү анатомиялык аппаратты колдонууну үйрөткөн курстан өтүштү. Атайын курс 17-сентябрдан 24-сентябрга чейин уланып, 72 саат көлөмдө өтүлдү.

Профессор Аида Балтабаева окутуучуларга курсту ийгиликтүү аяктаганы менен куттуктап, бул жаңы технологиялар медицина багытындагы адистердин билим сапатын жогорулатууга чоң салым кошорун белгиледи.

Эскерте кетсек, КӨЭАУнун жетекчилиги медициналык билим берүүнү заманбап технологиялар менен жабдууга жана жогорку сапаттагы адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурууда.
Коммуникация жана медиа департаменти



