2024-жылдын 11-сентябрындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен Эл аралык медицина факультети (ЭВФ) түзүлүп, факультеттин деканынын милдетин аткаруучу болуп биология илимдеринин доктору Самиева Жыргал Токтогуловна дайындалган. Факультеттин структурасы Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде ректордун 2025-жылдын 2-июлундагы №102-ни буйругу менен бекитилген.
Факультет жогорку медициналык билим берүүнүн төрт багыты боюнча кесиптик билим берүүгө лицензия алган:
- Жалпы медицина (окуу мѳѳнѳтү 5 жыл);
- Жалпы медицина (окуу мѳѳнѳтү 6 жыл);
- Стоматология;
- Фармация.
Факультеттин структурасын иштеп чыгууда медициналык университеттер үчүн учурдагы улуттук жана эл аралык стандарттар эске алынган. Ушундай эле программаларды сунуштаган башка окуу жайлардын алдыңкы тажрыйбалары талдоого алынып, иш сапарлар жана кесиптештер менен жолугушуулар уюштурулган. Эки бөлүмдөн турган Инновациялык окутуу жана интеграцияланган билим берүү программалары борбору ачылды:
- Симуляция жана окутуу департаменти;
- Объективдүү структураланган клиникалык экспертиза (ОБКЭ) жана объективдүү структураланган практикалык экзамен (OСПЭ) бөлүмү.
Факультетте студенттер үчүн ар тараптуу билим берүүчү үч бөлүм бар:
- Жалпы медициналык жана морфологиялык дисциплиналар кафедрасы;
- Клиникалык дисциплиналар жана үй-бүлөлүк медицина кафедрасы;
- Стоматологиялык жана фармацевтикалык дисциплиналар кафедрасы.
Сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу үчүн факультетте заманбап шарттар бар:
* Акыркы жабдыктар менен компьютердик лабораториялар;
* Практикалык окуу үчүн мультимедиялык жана симуляциялык түзүлүштөр менен жабдылган класстар;
* Эксперименталдык изилдөө лабораториялары;
* Китепкана жана окуу залы;
* Стажировкадан өтүү шарттары;
* Кафетерия;
* Спорт зал жана башка инфраструктура;
* Окууну башкаруунун автоматташтырылган системасы (AVN);
* Инновациялык окутуу жана интеграцияланган билим берүү программалары борбору;
* Сапатты кѳзѳмѳлдѳѳ жана ѳндүрүштүк такшалуулар бѳлүмү .