ФАКУЛЬТЕТТИН СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАРЫ
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз – Озбек эл аралык университетинин Эл аралык медициналык факультеттин өнүгүү стратегиясы эл аралык медицина чөйрөсүнө ийгиликтүү интеграцияланыш үчүн сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүүнү камсыздоого багытталган.
Эл аралык медициналык факультетинин негизги максаты — жогорку квалификациялуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү дарыгер-адистерди даярдоо:

  • социалдык мобилдүүлүккө жана эмгек рыногунда туруктуулукка шарт түзүүчү универсалдуу жана кесиптик компетенцияларга ээ болгон;
  • дипломдон кийинки билим алууга даяр жана тандалган багытта кесиптик ишмердүүлүк жүргүзө алган;
  • адамдын, коомдун жана мамлекеттин муктаждыктарына максималдуу багытталган.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй милдеттер аныкталган:
• фундаменталдуулук менен жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулар курамын айкалыштыруу аркылуу сапаттуу кесиптик билим берүүнү камсыздоо;
• эл аралык эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү саламаттык сактоо адистерин даярдоо жана кесиптик өнүктүрүү процессин камсыздоо;
• тармактык илимий-техникалык долбоорлорду ишке ашыруу, жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүү, эл аралык саламаттык сактоо системасы үчүн жаңы диагностикалык жана дарылоо ыкмаларын иштеп чыгуу;
• адамдын, коомдун жана мамлекеттин муктаждыктарын канааттандыруу үчүн билим берүү жана илим жаатындагы инновациялардын натыйжалуу ишке ашырылышын камсыздоо.