Аталган семинарга Кыргызстандан жалпы 25 жогорку окуу жайдын окумуштуулары катышууда.
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин “Эко+” илим изилдөө борборунун профессору, б.и.д. Самиева Жыргал Токтогуловна, изденүүчүсү Калмурзаева Рахила Шадыбековна катышып жатат.
Бул семинардын максаты, туруктуу ой жүгүртүүгө, климаттык жоопкерчиликти өнүктүрүүгө жана туруктуу өнүгүүнүн улуттук артыкчылыктарын жана климаттык өзгөрүү шартында пайда болгон ооруулар жана алардан сактануу жолдору, б.а. глобалдык климаттык проблемаларды чечүүнүн максатында жаш муундарды даярдоого багытталган.




